Италияда кыргыз диаспораларынын форуму ачылды

Бүгүн, 11-апрелде, Италиянын Сан-Марино шаарында чет жактагы кыргыз диаспораларынын бүткүл дүйнөлүк II форуму башталды.

Иш-чараны кыргызстандыктардын Kyrgyz Club бирикмеси уюштурууда.

Бирикменин Италиядагы филиалынын президенти Жанатбек Шаршеевдин айтуусунда, бул форумга көптөгөн мекендештер кызыгуусун билдирген. Мисалы, экс-президент Роза Отунбаева, бирок ал жүйөлүү себептерден улам форумга катыша албай калды.

Форумга АКШ, Канада, Финляндия, Япония, Түркия, Германия, Орусия, Бириккен Араб Эмиратында жана башка мамлекеттерде жашаган кыргызстандыктар келди. Диаспора өкүлдөрүнөн сырткары ишкерлер, коомдук ишмерлер жана элчилер келди. Алардын ичинде "Шоро" фирмасынын президенти Табылды Эгембердиев, Кыргызстандын Германиядагы элчиси Болот Отунбаев, Сан-Маринодогу диабетиктер ассоциациясынын президенти Рикардо Вентурини келди.

Делегаттар бир катар актуалдуу маселелерди талкуулашат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД