Мамлекеттик жана муниципалдык имараттарда курал алып жүрүүгө тыюу салынат

Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан иштелип чыккан "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды. Мыйзам долбоору жарандардын курал алып жүрүү тартибин жөнгө салууга багытталган. Ал үчүн "Курал жөнүндө" мыйзамга, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, Кылмыш-жаза кодексине түзөтүүлөрдү киргизүү милдети турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Мыйзам демилгечилеринин бири Курманбек Дыйканбаевдин айтымында, коомдук жайларда, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат имараттарында жарандардын мас абалында курал алып жүрүүсүнө тыюу салынып жатат. Тартип бузган адамдарга 500 сомдон 1000 сомго чейин айып салуу чарасы каралган.

Талкуу жүрүшүндө депутат Чолпон Султанбекова мыйзам долбоорун колдой турганын билдирүү менен, айыпул өлчөмүн көтөрүү сунушун берди. Анын пикиринде, айыппул өлчөмү аз болгондуктан, мыйзам иштебей калуусу мүмкүн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД