Күч түзүмдөрү депутаттарга Батукаевдын чыгып кетүүсү боюнча маалымат беришти

Бүгүн, 11-апрелде өтүп жаткан Жогорку Кеңеш жыйынында адам өлтүрүү кылмыштары үчүн 16 жылга кесилген "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин жаза өтөө мекемесинен чыгарылуу жана анын Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүү фактысы боюнча тишелүү органдардын маалыматы угулууда.

Жыйынга укук коргоо органдарынын, тиешелүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда.

Башкы прокурор Аида Салянованын берген маалыматына караганда, Азиз Батукаев буга чейин Нарын колониясында жаза мөөнөтүн өтөп келген. Нарын шаардык соту соттук медициналык комиссиянын 28-мартта чыгарылган лейкоз дартына байланыштуу атайын корутундусунун негизинде аны мөөнөтүнөн мурда бошотуу чечими кабыл алынган.

Ал эми Чек ара кызматынын төрагасы Токон Мамытовдун айтымында, 9-апрель күнү "Манас" эл аралык аэропортунан чартердик "Бишкек – Грозный" каттамы менен учуп кеткен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД