Келдибеков түрмөдөгү бардык оорулууларды чыгарууну сунуштады

Бүгүн, 11-апрелде өтүп жаткан Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Ташполот Балтабаев эмне үчүн бир гана Азиз Батукаевдин ден-соолугуна байланыштуу түрмөдөн чыкканына кызыкты.

"Камактагы канча адам оорулуу? Бирок аларга карата мындай ыкма колдонулбайт. Ошол эле учурда биздин дарыгерлер ушундай ооругандардын 20%ын өз алдынча эле дарылашат",- деди ал.

Башкы прокурор бул маселе ийне-жибине чейин каралганын билдирди.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиев Батукаевдин ден-соолугу өтө жаман абалда экенин акыйкатчы Турсубек Акун көргөнүн билдирди. "Ал эгер Батукаевди дарылабаса, түрмөдө өлүп калышы мүмкүн деп айтты",- деди Рысалиев.

Атажуртчу депутат Ахматбек Келдибеков эми Салянова түрмөлөрдө канча оорулуу бар экенин санап чыгуусу керектигин айтты. "Аларды деле кое берсеңиз болот",- деди ал.

Ал эми арнамысчы депутат Анарбек Калматов депутаттарга соттун чечимин берүүнү сурады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД