Астанада эки кыргызстандык жумушчу каза болду

Астанадагы курулуштардын биринен 12 метр бийиктен кулап түшкөн эки кыргызстандык жаран каза болду. Бул тууралуу Новости@mail.ru сайты билдирди.

Каза болгондор Кыргызстандын жараны экени аныкталды. Алар Kazbuilt Engineering фирмасында иштешкен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, кырсык "Европа Палас" комплексинде катталган.

Тергөө иштери жүрүүдө, бирок кандай жагдайда кулап түшкөнү азырынча маалымдала элек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД