Түрк премьеринин кортежин кууган айдоочунун аты-жөнү такталды

9-апрелде Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдогандын кортежин авария кыла жаздаган айдоочунун аты такталды. Ал Евгений Толмачев болуп чыкты. Бул тууралуу ИИМ Жол көзөмөлдөө кызматынын бөлүм башчысы Мухтар Сандыбаев "ВБ"га билдирди.

Ал жол кырсыгын болтурбоого жасалган иштер тууралуу айтып берди. "Мен машинада отургам. Биздин радио аркылуу картеждин артынан келе жаткан машина тууралуу айтышты. Мен чыгып айдоочуну токтотуп, аны чыгарып, ачкычын алып алдым", -деди ал.

Сандыбаев кармалган айдоочу алкоголдук тесттен өткөндүгүн жана ал мас экени аныкталганын кошумчалады.

Эскертек, Түркиянын премьер министри Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген болчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД