Шахмат Кыргызстандын мектеп программасына кирди

Шахматты мектептин программасына киргизүү боюнча пилоттук долбоор борбор калаадагы Герман Гмайнер атындагы гимназияда башталды. Бул тууралуу КР шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, шахмат боюнча сабак аталган гимназияда жумасына эки жолу кирет. Сабакты Кыргызстандын белгилүү шахматчылары берет жана алар окуучулар арасында шахматка шыктууларды да табууга аракет кылышат.

Андан сырткары жакын арада борбордук телеканаладардын биринде "Шахмат сабагы" аттуу телеберүү да чыгып баштайт.

"Биздин негизги максатыбыз шахмат оюнун кайтадан Кыргызстанда популярдуу кылуу. Ал адамдардын логикалык ойлонуусун өнүктүрөт жана аларды жашоосунда ийгиликтерге жетүүсүнө жардам берет",- дейт Турпанов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД