Депутаттар Батукаевдин иши боюнча убактылуу комиссия түзүштү

Жогорку Кеңештин 11-апрелдеги жыйынында депутаттар криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда чыгарылышын иликтей турган убактылуу комиссия түзүштү.

Комиссиянын курамына КСДП фракциясынан Дамира Ниязалиева, Эркин Сакебаев, арнамысчылардан – Турсунбай Бакир уулу жана Нуркамил Мадалиев, атамекенчилерден – Болот Шер жана Жоомарт Сапарбаев кирди.

Ал эми оппозициялык "Ата-Журт" менен "Республика" фракциясы өз өкүлдөрүн киргизүүдөн баш тартышты.

Узакка созулган талкуудан кийин убактылуу комиссиянын курамына эркин депутаттар Равшан Жээнбеков, Алмазбек Баатырбеков жана Канат Исаев кирди.

Комиссия үч жума ичинде криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин түрмөдөн эмне себептен мөөнөтүнөн мурда бошотулганын аныктап, парламент алдында отчет бериши керек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД