Кыргызстандын аарычылары мамлекеттин жардам берүүсүн суранышат

Өткөн жылы болгону 1 246 тонна бал чогултулса, анын 315 тоннасы гана экспортко чыккан. Бул тууралуу айыл-чарба министрлигинде өткөн өлкөдө аарычылыкты өнүктүрүүгө арналган тегерек столдо маалымдалды.

Аарычылык тармагынын төмөндөп кетишине ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн начардыгы, аарычылардын жайыт комитети менен дайыма чырдашуусу себеп болууда.

"Эң башкысы мамлекет бул тармакта иштегендердин өндүргөн продукцияларын чет жакка алып чыгууга колдоо көрсөтпөй, аларды колдобой келет",- деп тегерек столдо айтылды.

Аарычылар мамлекеттен аары өндүрүүчү фермаларды курууга жана ага жардам берүүнү суранат. Ошондой эле "балды Бажы биримдигине мүчө мамлекеттерге чыгарууга жардам берсе жакшы болмок", - дешти тегерек столдун катышуучулары.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД