Centerra Gold Inc.тин директорлор кеңешине кирчү кыргыз талапкерлер белгилүү

Алтын казган канадалык Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңешине кирүү үчүн Кыргызстан тараптан "Кыргызалтын" ААКтын экономика жана финансы боюнча башкармалыгынын директор орун басары Кылычбек Шакиров, ошондой эле кеңештин учурдагы мүчөсү Амангелди Муралиев жана Карыбек Ибраевдердин талапкерлиги сунушталды. Бул тууралуу 11-апрелде өкмөт аппаратынын отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн жетекчиси Бактыбек Турусбеков "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында Centerraдагы Кыргызстандын өкүлдөрүн олуттуу түрдө алмаштырбоо чечими кабыл алынган.

"Бир жыл мурда отставкага кеткен директорлор кеңешинин мүчөсү Ниязбек Алдашевдин ордуна Кылычбек Шакировдун талапкерлиги сунушталды",- деди ал.

Эскертсек, май айынын башында алтын иштеткен канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы жыл сайын өтүүчү чогулушунда 2013-жылга карата директорлор кеңешинин курамын бекитиши керек.

Кыргызстан тараптан сунушталып аткан жаңы талапкер Кылычбек Шакиров билимин Германияда алган. Philip Morris, "Транс Банк", BOSS мекемелеринде иштеген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД