Кочкордогу асфальт заводдо өрт чыкты

Кочкор районунда жайгашкан асфальт заводунда ири өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын кызматкерлери билдирди.

Өрт тууралуу билдирүү кечээ, 11-апрелде саат 16-00дө келип түшкөн. Ишкананын аймагында төрт тонна битум өрттөнгөн. Кырсык болгон жерге келген өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоонун алдын алуу үчүн бир канча саат жумшашкан.

Өрттүн келип чыгуусуна өрт коопсуздугун туура сактабагындык себеп болушу мүмкүн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД