Екатерингбургда нашаа жутуп алган эки кыргызстандык жаран кармалды

Екатерингбургдагы "Кольцово" аэропортунан наркополиция кыргызстандык эки жаранды кармашкан. Алар ири өлчөмдөгү нашааны жутуп алып, өтүүгө аракет кылышкан.

Кармалган жарандын биринин ашказанынан желим баштыкка оролгон 257,2 гр нашаа табылса, дагы бирөөнөн 244 гр нашаа табылган. Кийинчерээк, дарыгерлер 79,246 гр нашааны ооруканадан табышканын айтышкан. Кармалган жарандар аны ооруканага жашырууга жетишишкен. Жалпысынан 580 гр нашаа табылган.

Аталган кылмыш иши боюнча орусиянын мыйзамдарынын негизинде кылмыш иши козголду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД