"Кыргыз – казак бир тууган" тасмасы тартылат

8-апрелден баштап, жакында тартыла турган "Кыргыз – казак бир тууган" аталыштагы тасмага кастинг жарыяланган. Кинонун режиссеру Нарлан Абдыкадыров. Абдыкадыровдун айтымында бул алгач пьеса болуп жаралган, бирок проект ишке ашпай калган. Кийин пьеса кино-сценарий болуп жазылып, эми тартылганы турат.

"Тасма көргүлүктүү жана ийгиликтүү болооруна ишенем, жана Россия менен Казакстандагы кыргыз мигранттарына болгон мамиле аз болсо да өзгөрөт деген пикирдемин", – дейт режиссер.

Сюжеттин өзөгүндө - Ихтиандр атту алматылык студент жана анын сүйлөшкөн кызы Диана экөөнүн кызыктуу окуялары камтылган. Жигит Кыргызстанда, ал эми селки Казакстанда туулган. Үйлөнүү тойун бергенге чейин кош жүрөктөр жана алардын ата-энелери башынан көп нерсени өткөрүшөт. Комедия жанрындагы тасма Бишкек, Алматы жана Ысык-Көлдө тартылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД