Мэрия: "Эл куту" монументи жеке менчикке өткөн эмес

"Эл куту" монументи жеке менчикке берилбегенин мэриянын муниципалдык менчик башкамарлыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Азамат Жиманбалин "ВБ"га билдирди.

Эскертсек, Улуттук филармониянын жанындагы 70,8 сотых жер аянтына сакуранын көчөттөрүн отургузуу каралган, бирок бул жер жеке тарапка берилгени президент катышкан сакура отургузуу аземи учурунда айтылган эле.

Азамат Жиманбалин көчөттөр Даир Асанов атындагы Жеңиш паркына отургузулганын кошумчалады. "Мэрия менен Бишкекбашкыархитектурага бул маселин тактоо тапшырылган. Ал аймак конкурска 2007-жылы эле коюлган. Бул жерди "Эйшн инвестмени групп" жеңген, бирок алардын таандаштары тендердин жыйынтыгы боюнча сотко бир нече жолу арызданышкан. Ошон үчүн документтер чаташып кеткен",- дейт Жиманбалин.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД