Акыл жагынан ооруган киши өзбек чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн

Жалал-Абат облусундагы Ноокен районунун Бүргөндү айылынын акыл жагынан кем тургуну кыргыз-өзбек чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан ЖМК жана коом менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, анын туугандары чек ара кызматкерлерине кайрылышкан.

Кыргызстандын чек арачылары өзбек тарап менен сүйлөшүү жүрүгүздү. Алар бул окуяга түшүнүү менен мамиле кылышып, өз аймагынан кыргызстандын жаранын издөөнү башташкан.

Кечээ, 11-апрелде, КР жараны кыргыз тарапка өткөрүлүп берген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД