Зордуктоого аракет кылган деген шек менен Бишкектин тургуну кармалды

17 жаштагы кызды күч менен машинага салып, аны зордуктоого аракет кылышкан. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жапа тарткан кыздын 41 жаштагы атасы милицияга кайрылган. Анын айтымында, 11-апрель күнү таң эрте Чүй облустук оорукананын жанынан жашы 30-35тердеги киши кызды күчтөп машинага салып, зордуктоого аракет кылган.

Свердлов РИИБдин кызматкерлери изи сууй электе Бишкек шаарынын 32 жаштагы тургунун кармашкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД