"Дордой" базарынан ууруну кармашты

"Дордой" базарынан милиция кызматкерлери 24 жаштагы ууруну кармашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басмасөз кызматы билдирди.

Тартип сакчыларынын айтымында, уурунун курмандыгына 21 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кабылган. 21 жаштагы кызга базар алдындагы унаа токтотуучу жайдан үч бала кол салып, ири суммада акча салынган сумкасын жана телефонун тартып алышкан.

Свердлов РИИБдин кызматкерлери 24 жаштагы Бишкек шаарынын тургунун кармашкан. Ал убактылуу тергөө абагына камакка алынган. Учурда милиция кызматерлери анын өнөктөштөрүн издөөдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД