Боом капчыгайындагы өрт 2 гектар кургак чөп жана бадалдарды жок кылды

Боом капчыгайындагы өрттүн айынан 2 гектар кургак чөп жана бадалдар жок болду. Бул тууралуу ӨКМ бүгүн, 12-апрелде, маалымдады.

Ведомствонун берген маалыматына ылайык, бүгүн эртең мененки саат 10 до Өрт өчүрүүчүлөр агенттигине белгисиз бирөө телефон чалып, Боом капчыгайында өрт чыккандыгын кабарлаган.

Окуя катталган жерге эки өрт өчүрүү машинелери чыгышкан. Алар азыркыга чейин өз иштерин токтотуша элек. Өрттү ликвидациялоодо Боом токой чарбасынын кызматкерлери да жардам көрсөтүп жатышат. Алдын ала берилген маалыматтарына ылайык, жабыркагандар жок, бирок 2 гектар чөп жана бак-дарактар жок болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД