Былтыр кургак учуктан 6 бала көз жумган

2012-жылы кургак учуктан 6 бала каза болгон. Бул тууралуу "Азаттык" радиосу Улуттук фтизиатрия борборунун жетекчиси Абдулат Кадыровго шилтеме берүү менен билдирди. Анын айтымында, учурда өлкөдө кургак учукка чалдыккан 400дөн ашуун бала бар. Бирок жыл өткөн сайын кургак учукка чалдыккан балдардын саны көбөйүүдө. Мисалы, 2011-жылы 100 адамга 30 оорулуу бала туура келсе, былтыр бул сан 38ге өскөн.

Кыргызстанда кургак учуктан жабыркагандардын расмий саны 5 626 адамды түзөт. Бирок кургак учукка чалдыккандар иш жүзүндө мындан да көп болушу мүмкүн деген кооптонуулар да бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД