Опера жана балет театрынын мурунку жетекчилери начар ремонт жасашкан

"2010-жылы мамлекет бөлүп берген каржатты Опера жана балет театрынын мурунку жетекчилиги багыты менен колдонгон эмес", - деп бүгүн, 12-апрелде, концертмейстер Набира Джаксалиева айтты.

"2010-жылы театрга 18 млн сом бөлүнгөн, 2011-жылы дагы эки жарым бөлүнгөн. Бул каржатка сапаты начар желим эшик-терезелер орнотулган. Алардын жада калса сапат-сертификаты да жок эле. Оңдоо иштери да абдан начар жасалган. Кышкысын театрда суук. Төртүнчү кабаттагы гримеркаларга кезек жеткен да жок. Канализациянын кейпи баягы эле бойдон. Дагы ремонт жасалды деп жатышат. "Мамлекеттин акчасы кайда деген суроо өзүнөн-өзү туулуп жатат", - деди Джаксалиева.

"Бөлүнгөн каражатка жаш таланттарга жатакана курса болчудай эле, булар кенедей оңдоо иштерин жасай алышкан жок", -деп кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД