Москвада Кыргызстандагы уулуу заттар сакталган жерлер талкууланды

Кечээ, 11-апрелде, Москва шаарында биринчи жолу Кыргызстан менен Өзбекстандагы уулуу заттар сакталган жерлердин көйгөйүн чечүү боюнча мамлекеттер аралык дирекцияынын биринчи жолу жыйыны болду. Бул дирекция мамлекеттер аралык максаттуу программаны ишке ашыруу үчүн түзүлгөн. Программага ылайык, Кыргызстандагы эки жерде – Миң-Куш жана Кажы-Сай жана Тажикстандын Табошар деген жеринде иш жүргүзүлөт.

ЕврАзЭСтеги Кыргызстандын туруктуу өкүлү Үсөн Усуповдун "ВБ"га билдиришинче, жыйынга программага тийиштиги бар бардык мамлекеттердин өкүлдөрү катышты. Бул программага – Орусия, Казакстан, Тажикстан, Белорусия, Кыргызстан бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД