Жумгал районунун Түгөл-Сай айылына таза суу май айында пайдаланууга берилет

20-жылдан бери сууну ташып ичип келишкен Нарын облусунун Жумгал районунун Түгөл-Сай айылынын тургундарына таза суу үч ай убакыт аралыкта эрте пайдаланууга берилет.

Бул тууралуу аталган айылда суу түтүктөрүн орнотуп иштеп жатышкандардын бири, мастер Жолдошбек Дүйшөналиев "Жумгал KG" маалымат булагына билдирген.

Анын айтымында, "14-марттан бери ушул аймакта "Таза-суу" долбоорун аяктоо үчүн иштеп келебиз, азыркы учурда жумуштун 80%ы бүтүп калды, 200 метр аралыкта жер калды, ал жакка суу түтүгүн алып барууда борбордук жолду кесип өтүүгө туура келет, таза сууну буюрса айыл тургундары үч ай эрте пайдаланып калат, май айына пландап жатабыз, азыр ушу кезге чейин 19 жумушчу бул жерде иштеп атабыз",- дейт Дүйшөналиев.

"Буга чейин айыл тургундары болгону таза суунун эрте берилишин талап кылышкан, бирок долбоор өзү август айында бүтүп, сентябрь айында пайдаланууга берилмек. Биз май айында аяктоого аракет кылуудабыз, баш аягы 40 суу алчу колонкалар орнотула турган болсо, анын 22си орнотулуп бүттү. Ройондук электр станциясы 31 электр зымдары кетчү тирөөчтөрүн орнотуп берди. Эми жогорку чыңалуу линиясын кошуп берсе насос иштеп баштайт, азыр 1 бульдозер 3 экскаватор иштеп жатат"- деди ал жерде иштеп жаткандар.

Эскерте кетчү жагдай, аталган айылга "Таза-суу" долбоору 2011-жылы АРИС программасы аркылуу ишке ашырылып, 2012-жылдын апрель айында тендер өткөрүлүп, аны "Кочкор суу курулуш" ишканасы жеңип алган. АРИС аркылуу өткөн долбоор 26 млн сомдун тегерегинде, долбоордо өздүк салымды жалпы каражаттын 5% айыл тургундары беришмек, азыр 600 миң сомдун тегерегиндей акча каражаты дагы чогултулбай келет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД