Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши жыйындарынын күн тартибин бекитти

Бүгүн, 12-апрелде, төраганын орун басары Төрөбай Зулпукаровдун жетекчилиги астында өткөн Жогорку Кеңештин Координациялык кеңешинин кезектеги жыйынында 2013-жылдын 17-18-апрелиндеги парламент жыйындарынын күн тартиби бекитилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеңештин 17-апрелдеги жыйынында Жарандык кодекске, Бажы кодексине, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө", "Банк салымдарын (депозиттерди) коргоо жөнүндө", "Жеке жана юридикалык жактарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүү жаатындагы мыйзам долбоорлору каралат.

Ал эми 18-апрелде өтө турган Жогорку Кеңеш жыйынында "Кыргыз Республикасында сүткордук ишти чектөө жөнүндө", "Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу тууралуу" мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорлору каралмакчы.

Андан сырткары, ушул эле күнү КР Башкы прокурорунун 2012-жылдагы иши тууралуу отчету, КР Акыйкатчысынын 2012-жылы Кыргызстанда адам укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө баяндамасы угулат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД