Каржылоонун тартыштыгынан Опера жана балет театры опералык ырчыларын жоготууда

Опера жана балет театры жаш опера ырчыларын ала алышпайт. Анткени алар үчүн ставкалар жок. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде, театрдын концертмейстери Набира Жаксалиева билдирди.

Анын айтымында, учурда театр каржылоонун тартыштыгынан улам жаш опера ырчылар, актерлер жана балетмейстерлердин катышуусунда жаңы концерттерди кое албай келүүдө. Себеби алар көп каражат төлөгөн жактарга кетип калууда.

"Мына жакында эле Астананын театрына жаш, профессионал артистер керек деген билдирүү келди. Анан биздин жаш артисттердин баары ал жакка кетти. Жаш кадрлардын кеткенинен сырткары театрга капиталдык оңдоо иштери да керек. Биз таланттуу кишилерди унутпоону мамлекеттен суранып атабыз, эгер алардын баары кетип калса, ким сахнага чыгат?",- деп Жаксалиева суроо салды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД