Бишкекке 200дөй автобус сатылып алынат

Бишкек мэриясы 200дөй автобус сатып алууну пландап атат. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде, шаардык кеңештин коммуналдык чарба, транспорт жана коммуникация боюнча комиссиясынын жыйынында муниципалитеттин транспорт маселелери боюнча бөлүм башчысы Динара Жумадилова билдирди.

Анын айтымында, учурда жеңилдетилген насыяга автобустарды сатып алуу маселеси иштелип чыгууда.

"Мэрияга Орусиядан жана Кореядан коммерциялык сунуштар келип түштү. Биз аларды карап атабыз. Бул насыяны ким төлөөрү – Бишкек автотранспорт ишканасы же муниципалитет төлөйбү, ошол такталууда. Азырынча бул чечиле элек",- деди Жумадилова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД