"Ордо-Сахна" театры атактуу фильмдердин саундтректерин аткарды

Фольклордук-этнографиялык ансамблдын жаңы концерттик программасы кечээ, 11-апрелде Кино үйүндө өттү. Бул кечеде UCH-ART дизайнердик студиясы этникалык стилде тигилген өспүрүмдөр кийимдеринин коллекциясын сунушташты.

Жаңы концерттик программада – күү, дастан, санат ырлары, эски салттык ырлар жаңырды. Ошондой эле кечеде советтик биринчи боевик согуш киносу "ХХ кылымдын каракчылары" кинофильминин саундтреги улуттук аспаптардын коштоосунда аткарылды. Өз кезегинде концертке келген эл тарабынан жылуу кабыл алынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД