Талап-тоноочулар бишкектиктин акчасын жана мотоциклин тартып алышкан

Бишкек шаарынын 23 жаштагы жашоочусунун мотоциклин жана акчасын тартып алышкан. Бул тууралуу борбордук РИИБнин пресс-кызматы маалымдады.

Дем алыш күнү кечкисин жаш жигит үйүнө кайтып келаткан. Жолун торогон 20-25 жаштагы эки кишиге, 600 доллар жана "Хонда-Скутер" мотоциклин алдыртып ийген.

Бишкек РИИБсинин кылмыш иштерин иликтөө башкармалыгын кызматкерлери 20 жашар шектелүүчүнү жана 25 жаштагы анын жардамчысын кыска убакытта кармашкан. Экөө тең Сокулук районунун жашоочулары.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД