Балдар үйүнүн тарбиялануучулары үстөл тенниси боюнча турнирди жеңип чыгышты

Бишкектеги "Карвен" клубунда үстөл тенниси боюнча борбордо балдар үйү жана атайын балдар борборлордун арасында турнир өттү.

Кыргызстандын үстөл тенниси боюнча ассоциациясынын вице-президенти Самсон Баляндын айтымында, мелдеш командалык жана жеке зачетто өттү. Командалык беттештердин жыйынтыгында 1-орунду "Военно-Антоновка" балдар үйүнүн тарбиялануучулары утушту. Алар былтыркы жылдын чемпиондору №21 орто мектебин жеңип чыгышты. Коло байгеге "Кара-Балта" балдар үйү татыктуу болду.

Жекеме биринчиликти балдар арасында Александр Дзалба ("Военно-Антоновка") алса, кыздар ичинен Диляра Мамина эң күчтүү экенин айгинеледи.

Бул турнир төртүнчү ирет өткөрүлүп жатат. Мелдешке жыйырмадан ашык улан-кыздар катышышты. Жеңүүчүлөр диплом менен сыйланып, турнир уюштуруучулардын атынан байгелер терилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД