Быйылкы жылы Россия кыргызстандыктарга чектөө киргизет

Быйылкы жылдан баштап Россия кыргызстандыктардын федерация аймагына кирүүсүнө чектөө коюшу ыктымал. Бул тууралуу базар күнү, 14-апрелде Россиянын вице-премьер министри Дмитрий Рогозин маалымдады.

Анын айтымында, Россия аймагына кирүү эми жалаң загранпаспорт менен мүмкүн болот. "Менин оюм боюнча, идентификациялоого мүмкүн болбогон документтер менен биздин мамлекетке кирүүнү токтотуу зарыл – деп айтып, - биз өтмөк короо эмеспиз" – дегенин кошумчалады.

Мындай чараларды 2015-жылдан тартып киргизүү боюнча мурунтан президент Владимир Путин да эскертип келгенин Рогозин эске салды.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстандыктар Россия Федерациясынын территориясына ID-карта менен эле кире берет. Мындай документ республиканын ар бир жаранына 16 жаштан баштап берилет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД