Депутаттардан ветеринардык абал тууралуу абайлап талкулоосун суранышты

Бүгүн, 15-апрелде, агрардык саясат, суу ресурсатры, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча парламенттик комитеттин отурумунда, социал-демократ Эсенгул Исаков ветеринардык ооруларга байланыштуу темаларды абайлап талкулоону суранды. Себеби, бул Казакстан менен чек арадагы абалга терс таасирин тийгизип жатат.

"Ансыз деле казакстан менен чек арадагы кээ бир көзөмөл-посттор жабык турат, ал эми биз жогорудагыдай маселелерди талкуулаганда маалымат тез арада интернет-сайттарга жайгаштырылат. Натыйжасында жалпы ветеринарияда абал өтө жаман экен деп, биздин айыл чарба продукциябызды башка мамлекеттерге чыгарбай жатышат", - деди Исаков.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД