Өзгөндө өкмөт кетишин талап кылган митинг өтүүдө

Ушу тапта Өзгөн районунун борборунда "Ата-Журттун" камактагы депутаттарынын тарапкерлери митинг өткөрүүдө. Митинг уюштуруучулары акцияга 500дөй адам катышканын айтса, көз карандысыз байкоочулар алардын саны 150дөй экенин кабарлашты, деп билдирет "Азаттык".

Митингдин катышуучусу Аккул Айдаралиев "кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы" атыккан Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгышына нааразы болуп жатышканын "Азаттыкка" билдирди: "Канча адамдын канына забын болгон кылмышкер Батукаевди бошотуп жиберишет да, элдин кызыкчылыгын коргогон үч депутатты түрмөдөн чыгарбай жатышат. Буга карапайым эл абдан нааразы. Биз депутаттарды тезинен бошотууну жана Батукаевди түрмөдөн чыгарган азыркы өкмөттүн отставкасын талап кылып жатабыз".

Айдаралиевдин айтымында, митингчилердин талаптары аткарылбаса, жакынкы күндөрү нааразылык акцияларын Бишкекке келип улантышат.

Кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Азиз Батукаевди өткөн жумада "айыкпас илдетке кабылды" деген жүйөө менен Нарын шаардык соту абактан мөөнөтүнөн мурда чыгарган. Батукаев ошол эле күнү Чеченстанга чыгып кеткени белгилүү болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД