Турсунбек Акун: Мен үч жылдан бери Батукаевди бошотуусун суранып келем

"Үч жылдан бери мыйзамдагы ууру Азиз Батукаев катуу ооруп келет, биз аны кое берүү тууралуу бир нече ирет расмий кат жазганбыз", - деген билдирүүнү бүгүн, 15-апрелде, омбудсмен Турсунбек Акун жасады.

Анын айтымында, ал үч жылдан бери камакта катуу ооруп жаткандардын бошотуусун суранып келет. "Бул бүгүн эле жасалып калган иш эмес. Учурда №31-колонияда 284 кургак учук оорусу менен ооруган адамдар бар. Бардык колонияларда 476 киши, анын 22си каза болушту", - деп Акун маалымдады.

"Мен жиберген кат боюнча 6 адамды бошотушу керек эле. Анын төртөө оорудан көз жумушту, болгону экөө чыкты. Анын бири Азиз Батукаев. Менин иш аракеттериме жооп кайтарылганына ыраазымын. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматына таасирин тийгизген кандайдыр күчтөр бар экенине эми түшүндүм",- деди Турсунбек мырза.

Акун Батукаевди анын суранычы боюнча эмес, "тиешелүү бир коррупциялык схемалардын жардамы" менен чыгып жатканына нааразы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД