Парламенттин комитети Батукаевди бошотуу маселеси менен иш алып бармакчы

Профилдик комитет криминалдык авторитет Азиз Батукаевди бошотуу жөнүндөгү маселени карап чыгууга тийиш. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде, сот-укуктук иштер жана мыйзамдуулук боюнча комитеттин жыйынында "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Жыргалбек Саматов билдирди.

Анын айтымында, комитет Баткукаевди бошотуу үчүн чечим кабыл алган судьялар кимдер экенин тастыктоого тийиш. "Бул маселени комитет жыйынынын күн тартибине киргизүү зарыл",- деп белгилейт Саматов.

Бирок комитет төрагасы, СДПК франкциясынын депутаты Токтогул Туманов "аталган маселени караш үчүн тиешелүү тараптарды комитет жыйынына чакыруу керек",- дейт. "Комитет бөлүмүнө суроо даярдап жана Батукаевди бошотууга жоопкер тараптарды чакырууну табыштоо керек",- деп баса белгиледи ал.

Талкуунун жыйынтыгында депутаттар Батукаевди бошотуу тууралуу маселени кезектеги комитет жыйынында кароо тууралуу чечимге келишти.

Эскерте кетсек, криминалдык авторитет Азиз Батукаевди 9-апрелде Нарындагы №4 абактан дарыгерлердин анын "канында рак оорусу бар" деген бүтүмүнүн негизинде бошотушкан. Ошол эле күнү Батукаев туугандары менен бирге Грозныйга чартердик каттам менен учуп Кыргызстандан чыгып кеткен. Парламенттин жыйынында Мамлекетти каттоо кызматынын төрагасы Эрлан Сапарбаев Батукаевдин паспорту камакта жаткандарды документтештирүү буйругунун негизинде жасалганын билдирди. Бирок өз кезегинде "Интел Линкс" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Таалайбек Жумадылов кылмышкердин загранпаспортун мыйзамдуу түрдө персонификациялоо фактысын четке какты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД