Диний бирикмелердин лидерлери Жеңиш сейил багында көчөт тигишет

17-апрелде Конфессия аралык кеңешме (КАК) Диний иштер боюнча мамлекеттик комиссия менен биргеликте борбор шаардыагы тазалыкты сактоо үч айлыгына катышышат. Бул тууралуу КАКтын пресс-кызматы билдирет.

Белгиленгендей, алар ясень көчөттөрүн Жеңиш сейил багында отургузушат. Бул иш-чара жалаң эле шаарды жашылдандырууга багытталбастан, бардык диний конфессияларды жана жарандарды конфессия аралык тынчтыкты сактоого арналат.

Конфессия аралык кеңеш ислам, иудаизм, буддизм жана протестанство сыяктуу диний бирикмелердин лидерлерин бириктирет. Учурда Орус православ чиркөөсүнүн кеңешмеге кирүүсү тууралуу консультациялар жүргүзүлүп жатат, - деп билдирмеде жазылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД