3 айда жол кырсыгынан 197 адам мерт болду

Бул тууралуу ИИМдин алдындагы Жол-кайгуул кызматынын башчысы Талантбек Исаев "Жаңы Агымга" билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан боюнча айдоочулукка үйрөткөн 204 окуу жайы болсо, болгону алардын үчөөндө гана атайын машине айдап машыктыруучу талаасы (полигону) бар. "Биз айдоочуларды даярдаган мектептерди текшергенибизде, айрымдары катталган дарек боюнча жок болуп чыкты. Демек алар кеңседе отуруп алып эле айдоочунун күбөлүгүн жаза беришет дегендик. Ушундан улам ата-энелер балдары 16-17 жашка чыкканда туулган күнүнө айдоочулук күбөлүк белек кылууну мода кылып алышты", - дейт Исаев.

Башкы МАИчинин ырасташынча, жол кырсыгынын көбөйүп жатышына мына ушул фактордун да таасири чоң. Анткени үстүбүздөгү жылдын алгачкы 3 айында 1240 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 197 адам көз жумган. Былтыркы жылы болсо 3 айда 840 жол кырсыгы катталып, 150 адам аркы дүйнөгө сапар тарткан эле. Талантбек Исаев МАИчилер акча алат деп бир жактуу жамандаган туура эмес экенин, ошол эле учурда ар бир айдоочу жоопкерчиликтүү болуп, жол эрежесин так сактоо керектигин айтты. Исаевдин айтканына ишенсек, азыркы МАИ кызматкеринин орточо айлыгы 9 миң сомду түзөт.

2012-жылы Кыргызстанга чет өлкөдөн 92 миң машине кирген. Бул катталгандары гана. Дагы канча катталбаган машина келгенин так айтуу мүмкүн эмес. Төрт аяктуу тулпарлардын көбөйүшү менен жолдо ажал тапкандардын саны да өсүп келет. Былтыр жол кырсыгынан 1 056 адам жан берген эле.

Ал эми темир тулпарлуу студент Шахкан Мырзабеков МАИчинин көбү эле догурунуп акча алып калганын айтат. Ал: "Эми жол кырсыктарына тамтыгы чыккан жолдор да себепкер. Бирок догурунган МАИ инспекторлору акча алмайын жанды койбойт" деген оюн ортого салды. Адистердин айтымында, айдоочулардын көбү коопсуздук курун өзү үчүн эмес, инспекторго айып пул төлөп калбашы үчүн гана тагынат экен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД