ССМдин жетекчиси мамлекеттик тилге өтүү кыйынчылыктары тууралуу айтып берди

"Медициналык терминдерди которууда пайда болгон кыйынчылыктарга байланыштуу мамлекеттик тилге толугу менен өтүү оор болуп турат", - деп бүгүн, 16-апрелде, ЖКнин жана депутаттык этика регламенти боюнча парламенттик отурумда, Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева билдирди.

Анын айтымында, ага караштуу ведомствонун кызматкерлеринин көпчүлүгү мамлекеттик тилди жакшы билишет, бирок которулбаган медициналык терминдер болгондуктан, кээ бирлери үчүн жазма иштерди кыргыз тилине өткөрүү кыйынчылыктарды туудуруп жатат. "Бирок, ага карабастан, биз аракет кылып жатабыз. Биздин котормочубуз да бар", - деди Сагинбаева.

Жыйында депутаттар мамлекеттик кызмат боюнча ССМде мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөгөн депутаттык комиссиянын отчетун угушту. Депутат Гүласал Садырбаеванын айтымында, ССМ мамлекеттик тил боюнча мыйзамды аткарбайт. "2010-жылы 672 токтом кабыл алынган, анын бардыгы тең расмий тилде жазылган. Бирок 2012-жылы абал бир аз өзгөргөн. Былтыркы жылы 160 токтомдун ичинен 130у кыргыз тилинде чыгарылган", - деп баса белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД