Баяман юристтердин суроо салгандарына жооп кайтарган жалгыз чиновник эле

"Траснпорт жана коммуникация министринин мурунку орун басары Нурлан Баяман, суроо салгандарга сот чечими жок эле жооп кайтарган жалгыз кызматкер болчу", - деп бүгүн, 16-апрелде, журналисттер менен жолугушуу учурунда "Прецедент" шериктештик топтун өкүлү Нурбек Токтакунов билдирди.

Анын айтымында, башка кызматкерлерден айырмаланып, Баяман ардайым юристтердин суроо салгандарына жооп кайтарчу. Ал эми калгандары сот чечими чыккандан кийин гана кыймылдай башташат. "Менин оюм боюнча, Баямандын кызматтан алынышын көздөгөн адамдар бар, балким алар пара да беришкен", - деп Токтакунов божомолдоду.

Эске салсак, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 13-апрелде Нурлан Баяманды Транспорт жана коммуникация министринин орун басары болуп турган кызматынан четтеткен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД