Пайгамбардын туулган күнү келе жатат

Бир топ жылдан бери Кыргызстанда Мухаммед пайгамбардын туулган күнүн өткөрүү салтка айланып келе жатат. Быйыл дагы бул дата 18-19-апрелде борбордогу Т. Сатылганов атындагы улуттук филармонияда белгиленмекчи. 18-апрелде эртең мененки тогуздан тарта Куранды кырааты менен мыкты окугандар, аны толук билгендер үчүн конкурс өткөрүлүп, конкурстан жеңгендерге чоң суммада акчалай сыйлыктар ыйгарылат.

Ал эми 19-апрелде кечки саат алтыда пайгамбардын туулган күнүнө арналган Мавлют майрам-концерти өткөрүлөт. Айтмакчы, ушу тапта концертке билет калбай калгандыгын айтышууда. Бул майрамды жылыга "Адеп башаты" коомдук фонду өткөрүп келет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД