БГУнун маңдайындагы бак ток чынжырларын үзүп, кулап түштү

Бүгүн, 16-апрелде, Манас жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде көп жылдан бери турган бак кулап түштү. Анын жанында туруу ден-соолукка кооптуу, себеби көлчүктөрдө үзүлгөн ток чынжырлары жатат.

Бактын жыгылышынын себеби, түп тамырынан бери чирип кеткендиги болгон.

Кулап түшкөн бактан алыс эмес жерде соода кылган павильондун соодагерлеринин айтымында, бак жыгылып жаткан маалда жолдо эч ким жок болчу. Анткени Гагарин көчөсү тосулуп, анда оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат. Бактын жатканын бир нече саат болду, бирок аны алып, жол тазалаганга эч ким келе элек.

"Зеленстройдун" кабылдамасында, билдирүү кабыл алынганын жана ушул күн ичинде сөзсүз алынаарын билдиришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД