Кыргызчага кызыккан Павел

"Кыргызстанда жашаган ар бир жаран улутуна карабай кыргыз тилин милдеттүү түрдө билиши керек!" деген талап мамлекеттик тилди үрөнүүгө чакырууга тескери таасирин тийгизип, көңүл иренжитет, - дейт кыргыз тилин үйрөнүп калган Павел Голденштейн.

Павелдин айтымында тескерисинче, кыргыз тилин үйрөтөйүнбү деп ага кызыктыруучу адабияттарды, көргөзмөлөрдү сунуштоо мамлекеттик тил билбегендер үчүн кызыгуу арттырат. Кайсыл гана өлкөдө жашабагының ошол мамлекеттин тилин, дилин сыйлап, билиш керек. Мен деле Кыргызстанда туулуп-өсүп, эми гана кыргыз тилинин, кыргыз элинин ушунчалык бай, каада-салты, маданияты өзгөчө экенин билдим. Мамлекетибиздин алыскы аймактарында жашаган айылдарга барып, меймандос кыргыз элинин чыныгы жашоосун көрүп, кыргыз тилин мындан да мыкты өздөштүрүү үчүн эки ай Ат-Башыга барып жашап келсемби деген планым бар. Биз сыяктуу башка улуттарга кыргыз тилин үйрөнүү, курстарга баруу жеңил, ал эми мамлекеттик тилди билбей, "киргиз" атка конгондор үчүн үйрөнүү бир топ оор экенине көзүм жетти. Атүгүл базардан кыргызча сүйлөсөм, бааны төмөндөтүп, таксиге отурсам жарымын алып тил билгеним үчүн сыйлагандар бар. Бир жолу көчөдөн бейбаш кыргыз балдар мага кол салганда да кыргызча сүйлөсөм колумду кысып азаматсың деп кетип калышты. Кыргыз тилин үйрөнүү мага позитивдүү жашоону жана башка тектеш тилдерди үйрөнүүгө да көмөк берүүдө,- дейт Павел Голденштейн.

Павелдин кыргызча үйрөнүүгө эмне түрткү бергенин "Жаңы Агым" гезитинин 19-апрелде чыга турган санынан толук окуй аласыздар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД