"Кыргызгаздын" кызматкери "Жал-Артисте" жардыруу болушу мүмкүн деди

"Кыргызгаз" ААКтын мурунку кызматкери Керимбек Сарыбашев "Жал-Артис" турак жай комплексинде жардыруу коркунучу бар экенин, бүгүн, 16-апрелде, пресс-конференция учурунда жар салды.

"Мен 2007-жылдан бери "Кыргызгазда" иштегем. Ал мезгилде "Жал-Артиске" газ түтүкчөлөрүнүн өтүшүнө мүмкүн болушунча каршы болгом. Себеби, курулуш нормалары боюнча газды, тогузунчу кабаттан жогору тартууга болбойт. Андан жогору электроплиталар гана коюлушу зарыл. Жарылуу сөзсүз болот, бирок ал жоопкерчиликти эч ким мойнуна албайт", - деди Сарыбашев.

Экс-кызматкердин айтымында, анын эсеби боюнча жарылуу 6-7 жылдан кийин болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД