Чаткал районунун акимине кылмыш иши козголгондуктан кызматынан боштулду

Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун акими Таласбай уулу Акматбектин мамлекеттик администрациянын жетекчисилигинен бошотулгандыгынын себебин, өкмөттүн маалыматтуу саясат бөлүмү айтып берди.

Белгиленгендей, премьер-министрдин атына Жалал-Абад облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Жусубалы Төрөмаматовдон кат келип түшкөн. Анда, аким өз милдеттерин аткарбайт жана ага карата укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголгон деп жазылган.

Жалал-Абад облусунун прокуратурасынын келтирген далилдеринин негизинде премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Таласбай уулу Акматбекти кызматынан бошотту.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД