Атамбаев: Благосостояние КР - это напряженный труд каждого кыргызстанца

В Государственной резиденции "Ала-Арча" сегодня, 6 марта, президент Кыргызской Республики Алмазбек Атамбаев вручил государственные награды гражданам страны за особый вклад в сохранение и развитие исторического и культурного наследия народа Кыргызской Республики, в подготовку, организацию и проведение Всемирных игр кочевников, мероприятий, посвященных 100-летию национально-освободительного восстания и трагических событий 1916 года, а также за большие достижения в профессиональной деятельности по итогам Года истории и культуры.

Также за стойкость духа, высокие волевые качества, выдающиеся примеры стремления человека в трудной жизненной ситуации к достойной жизни и полноценному труду, а также достижения в профессиональной деятельности из рук главы государства медали "Даңк" получили руководитель общественного объединения инвалидов "Талыкпас-Ата" Турсунбек Абдылдаев, участница танцевальной группы "Тумар" Самыйбек кызы Адина и житель Ат-Башинского района Нарынской области Рахатбек Усенкожоев.

Президент Алмазбек Атамбаев тепло поздравил награждаемых с государственными наградами и выступил с речью:

"Урматтуу мекендештер!

Урматтуу бүгүнкү салтанаттын катышуучулары!

Эң оболу бүгүнкү сыйлык алып жаткан жарандарыбызды кыргыз элинин атынан, бүтүн жумурай-журттун атынан куттуктап коюуга уруксат этиңиздер!

Сыйлык кут болуп, жаныңар бек болсун!

Сыйлык ээлеринин ар бирин мактасак жарашат. Бирок, үч жараныбыз жөнүндө өзгөчө сөз айткым келет. Алар - Рахатбек Үсөнкожоев, Адина Самыйбек кызы жана Турсунбек Абдылдаев.

Тоону томкоро турган көптөгөн эркектерибиз сиздерден үлгү алышса. Иш жок, мага иш, кызмат таап бергиле деп көрүнгөн шылтоо айтып, канча эргул жүрөт? Жалкоолордон уялыш керек. Ата-бабалар илгери эле "Жардылык – жалкоолуктан" деп таамай айтышкан. Иштейм деген адам – ар дайым иш табат. Жалкоо – ар дайым шылтоо табат.

Урматтуу мекендештерим! Бүгүн биз улуттук маданиятыбызга зор салымын кошкон жарандарыбызга да сыйлык берип жатабыз. 2016- Тарых жана маданият жылы эгемен өлкөбүздүн тарыхында эсте каларлык жыл болду. 1916-жылдагы улуттук көтөрүлүштүн жана улуттук каргашанын 100 жылдыгын мамлекеттик деӊгээлде өткөрдүк. Эгемендик үчүн курман болгондорго эстелик ачып, куран окуп, көп жылдар бою башыбызда жүк болуп келаткан парзыбызды аткардык.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанды дүйнөгө таанытты. Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык ассамблеясы көчмөндөр оюндарына бийик баасын берди.

Ошондуктан, бүгүн ошол чоң иш-чаралардын өткөрүлүшүнө зор салым кошкон жарандарыбызды сыйлап жатабыз.

Өткөн жыл – Тарых жана маданият жылы болгондуктан, бүгүн маданият жана тарых тармагына эмгеги сиңген бир топ белгилүү инсандарыбыз сыйлык алышат.

Алардын арасында эл жазуучусу Кеңеш Жусупов да бар. Агабыз кыргыздардын тарыхын тынбай жазып келатат. Кеңеш агабыздын адамгерчилиги, жупунулугу башка чыгармачыл адамдарга үлгү болсо дейт элем. Агабызды сыйлык өзү кубалап тапты.

Дорогие друзья!

Сегодня в этом зале сидят удивительные, уникальные люди, каждый из которых является примером для кыргызстанцев.

Среди тех, кому сегодня будут вручены государственные награды республики – люди разных возрастов, национальностей и профессий. Всех вас объединяет любовь к жизни, любовь к труду, любовь к родному Кыргызстану и стремление сделать его лучше.

В своем выступлении на государственном языке я уже остановился на нескольких примерах. Но о трёх героях сегодняшнего мероприятия я хочу рассказать и на официальном языке.

Все вы помните подвиг Алексея Маресьева – легендарного советского лётчика, лишившегося обеих ног на войне. Сила воли и стремление к жизни героя сумели победить вначале смерть, а затем и инвалидность.

Я горжусь, что и в мирное время есть наши земляки-современники, которые наперекор приговору, вынесенному самой судьбой, сумели выжить, вернуться в полноценную жизнь. В этом смысле жизнь и достижения Турсунбека Абдылдаева, Адины Самыйбек кызы и Рахатбека Усенкожоева – гордость всего нашего народа, надежда и пример для людей, ставших жертвами трагических обстоятельств в мирное время. Они напоминают, чего может добиться тот, кто не утратил веру в себя, кто живет и борется с трудностями судьбе назло!

Именно поэтому за стойкость духа, высокие волевые качества, выдающиеся примеры стремления человека в трудной жизненной ситуации к достойной жизни и полноценному труду, а также достижения в профессиональной деятельности они награждены медалями "Даңк" - "Слава"!

Горжусь, что живу и работаю в одной стране с такими людьми, как они!

Уважаемые соотечественники!

Дорогие друзья!

Для меня большая честь и ответственность жить и работать вместе с вами сейчас, в это интересное, бурлящее время, когда пишется новая история Кыргызстана. И я горжусь тем, что сделано в нашей стране за последние годы.

Ведь сами мы ничего не замечаем, живем в суете, повседневности. Для нас это обычная жизнь, будни. Но вот что я вам скажу.

Как вы знаете, недавно я был с визитом в Брюсселе. Уже в третий раз за три года. Так вот, я был просто поражен тому, с каким уважением и доверием встречали в этот раз нашу делегацию. Руководители Евросоюза сами говорили о наших достижениях, называли наши реформы грандиозными!

Очень много хорошего о стране сказал недавно и Президент Российской Федерации В.В. Путин.

А ведь и вправду, как много сделано за последние годы. Фактически по многим показателям мы догнали и обогнали всех соседей. А ведь многие думали, что Кыргызстан вообще исчезнет с карты как суверенное государство. Что с нами случится то, что произошло со странами арабской весны, что происходит на Украине.

По многим параметрам и, что особенно важно, по уровню жизни простых граждан, сельчан, к примеру, мы обошли даже те страны, которые жили тихо и мирно, без беспорядков и жертв, и некоторые из них при этом имеют еще и немалые запасы нефти и газа.

Поэтому сегодня я хочу поблагодарить в вашем лице всех граждан страны за их самоотверженный труд, терпение и веру в будущее. Народ Кыргызстана - главный творец тех перемен к лучшему, которые происходят в нашей стране.

Дорогие друзья!

Я хочу еще раз сердечно поздравить вас с государственными наградами, хочу вам всем сказать огромное спасибо за то, что вы делаете во имя нашей страны.

Конечно же, тех, кто достоин награды гораздо больше. В нашей стране очень много ярких и талантливых, трудолюбивых и самоотверженных людей. На их примере мы должны воспитывать молодежь. Надо всегда помнить, что благосостояние Кыргызстана рождается не просто "из воздуха", но благодаря напряженному труду каждого из граждан страны. Низкий вам поклон, дорогие друзья!

Урматтуу мекендештер!

Кыргызстаныбыздын соңку тарыхына чейрек кылымдан бир аз ашты. Бул аралыкта башыбыздан далай оор сыноолор өттү. Бирок сыноолор бизди сындырган жок, тетирисинче, бизди чыйралтты. Биз жолубузду таптык.

Албетте,өлкөбүздө кемчиликтер, жасалбаган иштер да аз эмес. Бирок, унутпасак – көч бара-бара түзөлөт! Эң башкысы, Кыргыз көчү эң оор ашуулардан аман-эсен өттү, өз жолун тапты.

Элибизге эми эмне керек? Элибизге эми тынчтык, ынтымак керек.

Албетте, өлкөбүздө орногон тынчтык, туруктуулук айрым тышкы жана ички күчтөргө жакпайт. Тышкы күчтөргө Кыргызстан бутка туруп, тизеге чөгөлөбөй, көз каранды болбогону жакпаса, айрым биздин саясатчыларга болсо тынч, туруктуу өлкөдө алар көздөгөн кара максаттарына, бийликке, байлыкка жетпей калгандары жакпайт. Жана, албетте, бул саясатчылар өлкөбүз үчүн өзгөчө коркунучтуу болот, элдин биримдигин, ынтымагын бузганга бүт аракетин жумшайт.

Белгилүү акын Барпы айткандай:

Жамгырдын кыян, сели

Жерди бузат,

Адамдан чыккан бузук

Элди бузат

Апрель революциясынан кийин айрым саясатчылар бийликке жетип алып, элдин мүлкүн талап-тоноону, мародерлукту башкарып, кийин кылмыш издерин жашырганы баарыбызга белгилүү. "Туура бийде тууган жок" деген улуу сөздү унутуп, колго тийген бийликти эл үчүн эмес, жеке өздөрүнүн үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгына пайдаланышканын да билебиз. Алар 7-апрелден кийин тез арада эле чириген бай, миллионер болуп калганы баарыбызга маалым.

Мындайлар жөнүндө белгилүү Абдирайим Молдо минтип айткан:

Жаман бийдин жүрөгү

кара болот эмеспи,

Издегени итке окшоп

пара болот эмеспи

Тийген жери тилинин

жара болот эмеспи.

Бир жамандын кесири

миңге тийет эмеспи.

Ошол паракор, уурулардын кесири тийип, өлкөбүз тынчыбай жатат. Өзгөчө алардын кыңыр иштери ачылып, жарыкка чыгып баштагандан тартып.

Мисалы, 2-3 айдан бери Жогорку Кеңеште кайра-кайра депутаттык комиссия түзүлүп, ызы-чуу токтобойт.

Ураган Боингде "Атамбаевдин алтын-каухарлары болгон", "Атамбаевдин Кипрде акчасы бар", "Атамбаевдин аялынын эсебинде акча 2011-жылдан кийин эле пайда болгон" деген ушактар парламенттин трибунасынан айтылып, Жогорку Кеңеш күндөн-күнгө мыйзам чыгаруучу жайдан ушак чыгаруучу жайга айланып баратат.

Урматтуу мекендештер!

Эми депутаттар чындыкты билгиси келсе, эки айдан бери ызы-чуу салбай, Гонконгко, Стамбулга деле барып келишсе болмок да? Венага, Венецияга, Америкага барганга убакыт бар, чындык издегенге убакыт жок. Билетке акчасы жок десең – көбү миллионер.

Анда керек болсо, билетин мен сатып берейин . Ызы-чуу салбай, ушак таратпай, элге чындыкты тезирээк айтпайбы?

Кипрге да билет алып берейин, доверенность да берейин. Ал жерде акчам болсо, ошол депутаттар өздөрү бөлүп алышсынчы!

Өздөрү деле мунун бардыгы жалган, калп экенин билишет. Бирок, Президентти жаманат кылып, элди дүрбөткүсү келип жатпайбы!

Өткөн аптада депутат Бакыт Төрөбаев сессияда депутаттарга кайрылып, "тарап эле кетпейлиби" деген сунуш айтты. Ал го, мародер акесине болушуп, күйүп айтты, бирок, мен анын сунушун колдойт элем.

Урматтуу депутаттар!

Карга карганын көзүн эч качан чукубайт деген сөз бар. Эл бузарларды, мародерлорду тайраңдатып, балыктай болуп карап отурганча, чын эле депутат Төрөбаевди колдоп, тарап эле кетпейсиңерби? Же болбосо, мыйзамды сыйлап, өлкөнүн тагдырын ойлоп, эл үчүн иштебейсиңерби? Кудайдан корккула да!

Силерге чындык кереги жок болсо, элибизге керек!

Силерге тынчтык кереги жок болсо, элибизге керек!

Урматтуу мекендештер!

Албетте, ал ушактарды, калптарды таратканга башка мамлекеттерден маяна алган, акча алган НПОлор жана маалымат каражаттары да чоң салым кошуп жатат!

"Азаттык" деген ыйык атты жамынып алып, Америка конгресси тарабынан каржыланган радио "Свободанын" өлкөбүздөгү филиалы өзгөчө жанталашып жатат өлкөбүз жөнүндө, мен жөнүндө ушак таратып. Америкадан алган акчасын актап жатат абдан!

АКШнын деле мага таарынычынын себебин жакшы билем.

Кеп, албетте, демократияда же чындыкта эмес. Кеп Атамбаев "Манас" аэропортундагы Американын аскердик базасын кетиргенинде.

Мен өткөн жылы АКШ мамлекеттик катчысы Джон Керри келгенде да сурадым. "Эмнеге Азимжан Аскаров камалганда, ага соттук чечимдер чыгарылганда президент болуп отурган Отунбаевага ошол кезде сыйлык бересиңер, а бирок базаңарды Атамбаев чыгаргандан кийин чоочуп ойгонуп, Аскаровго сыйлык бересиңер. Бул эмне деген эки жүздүүлүк?" деп сурасам, эмне деп жооп берерин билбей калды Джон Керри, жарыктык.

АКШнын жаңы президенти Дональд Трамп Америкадагы саясаттагы эки жүздүүлүк жөнүндө абдан туура айтып жатат. Мен аны толук бойдон колдойм! Бирок бул эки жүздүүлүктү жоюуга алы жетээр бекен?

Урматтуу мекендештер!

Атамбаевдин кымындай илинчеги болсо, тийиштүү документтер "Азаттыкка" дароо түшмөк, эчак парламентке жеткирилмек. ЦРУ эшек такалап жүрөт дейсиңерби!? Атамбаевди аңдыгандар көп!

Бул биздеги радио "Свободанын" максаты башка. Элди бузмак, ынтымакты бузмак, Президент жөнүндө ушак таратмак. Анткени, элдин Президентке ишеними кетсе, өлкө олку-солку болот, ыдырап, ит-кушка жем болот. Ошондуктан, Конституцияда Президент эл менен бийликтин биримдигинин символу болуп эсептелет деп баса белгиленген.

Урматтуу мекендештерим!

Мына, бүгүн 6-март. Туура бир айдан кийин 7-апрель революциясынын жети жылдыгын белгилейбиз.

Эми ошол 7-апрель күнү Ала-Тоо аянтында ок менен атылган, өлтүрүлгөн жигиттерибиз өздөрүнүн ден соолугун, өмүрүн Убактылуу өкмөт мүчөлөрү миллионер болсун деп бериштиби? Мародерлер элдин атын жамынып, бийликке келип, элди тоноп, миллионер болсун деп өлдүбү?

Сурагыла жаракат алып, тирүү калган жигиттерден! Сурагыла жетим калган балдардан! Сурагыла өксүп калган энелерден!

"Атамбаев Ата-Мекенден колуңду тарт" деген лозунг көтөрүп алышыптыр митингде. Эй, биздин Ата-Мекенибиз – Кыргызстан. Ошол 7-апрелде курман болгон жигиттер сасыган партияңар үчүн өмүрүн берди дейсиңерби? Ата-Мекенибиз үчүн берди! Кыргыздын ыйык сөздөрүн да уурдап, менчиктештиргиңер бар! Эл ичинде партияңарга эчак эле башка ат коюшкан. Башчыңарга жараша!

"Эшени кандай болсо, дербиши да ошондой" деп айтчу илгери. Анан дагы "Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат" деген кыргыздын сөзү бар.

Эй, туугандар! Булардын кылыгын видеого тартсаң да, бул мен эмесмин, кур да меники эмес деп айтат! Колунан кармасаң да, бул кол меники эмес деп айтат. Булар күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сурайт деп ойлобогула! Буларда уят деген, бет деген жок!

Урматтуу мекендештер!

Мен ушул жылды "Ыйман" жылы деп бекеринен атаган эмес элем. Жараткан колдоп, ыймандуулук жылы кыргыз элибиз ыймансыз сасык саясатчылардан кутулса экен деп, Кудайдан тилеп койгом.

Кудай тилегибизди укса экен!

Жараткан элибизге ынтымак, жерибизге берекет берсе экен. Ыплас, ыймансыз саясатчылардан элибизди сактаса экен!

Урматтуу мекендештер!

Албетте, ушундай салтанаттуу күндө сасык саясат жөнүндө айтпай эле койсом болмок. Бирок, "Убагында айтпасаң, сөз атасы өлөт" дегенди унутпаш керек.

Кыргызда "Бетеге кетип, бел калат. Бектер кетип, эл калат", - деген сөз бар. Бул күндөр да өтөт. Эч ким кыргыз көчүн тапкан жолунан бура албайт. "Ит үрө берет, кербен жүрө берет".

Эң негизгиси - элибиз аман болсун. Элдин өзөгү болгон сиздер аман-эсен болгула. Баарыңарды дагы бир жолу мамлекеттик сыйлыктар менен куттуктайм!

Баарыңыздарга чың ден соолук, узун өмүр, бак-таалай, бакубат жашоо каалайм!

Сыйлыгыңар кут болсун!

Бактылуу болуңуздар!".


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД