"Кумтөрдүн" "Азиянын жаратылышын сактоо - 2018" конференциясы өткөрүлдү

2018-жылдын 6 – 10-августуна чейин Бишкекте биотүрдүүлүктү сактоо Коомунун секциясы жана Борбордук Азиядагы Америкалык университети тарабынан уюштурулган эл аралык конференция болуп өттү. Конференцияга 200дөн ашык адам, аладын ичинде дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн келген эколог-илимпоздор жана жаш изилдөөчүлөр катышты.

Конференциянын темасы "Өзгөрүлүп бараткан Азиянын биотүрдүүлүгүн сактоо ишмердүүлүгүнүн актуалдуулугу" болду. Конференция прикладдык математика жана генетика тармагында илимий изилдөөлөрдү колдонуу менен биотүрдүүүлүктү сактоо жана технологиялык жаңыланууларды колдонуу сыяктуу илимий маселелердин кеңири чөйрөсүн камтыды.

Конференциянын чегинде сессиялар уюштурулду, симпозиумдар, семинарлар өткөрүлүп, плакаттар көрсөтүлдү жана Азиянын биотүрдүүлүгүн сактоо теориясы жана практикасы тармактарындагы жаңылануу үстүндө иштеп жаткан уюмдардын ишмердигинин жыйынтыктары коюлган көргөзмө көрсөтүлдү.

"Кумтөр" компаниясы конференцияга демөөрчүлүк жардамын көрсөтүп жана кен чыккан жерде жүргүзүлгөн жаратылышты сактоо ишмердигинде тажрыйба алмашуу максатында отурум уюштурду.

"Кумтор Голд Компани" (КГК) экологдор тобу биотүрдүүлүктү мониторингде чагылдыруу, кен чыккан жерде жана ага жакын жайгашкан жердерде аркарлардын тукумунун көбөйүүсүнө байкоо жүргүзүү, дагы "Кумтөрдө кен чыгаруу иштери аяктагандан кийинки илимий-изилдөө станциясын түзүү долбоору менен тааныштырышты. Кумтөр кени чыккан жерине жакын жайгашкан Сарычат-Ээрташ коругунда Кызыл китепке киргизилген жаратылыш жапайы айбандарынын көп түрлөрү анын ичинен куштардын жана сүт эмүүчүлөрдүн көп түрү жашайт жана жапайы айбанаттардын көптөгөн тобу коңшу жайгашкан кен чыгуучу жердин аймагына кирип барышат. КГК өз экологиялык ишмердигинин чегинде флора жана фаунанага мониторинг жүргүзүүнү, анын ичинен өндүрүштүк ишмердиктин айлана-чөйрөгө тийгизген таасирине көз салууну негизги маселе катары эсептейт.

Кумтөр кени чыккан жерин колдонуу аяктагандан кийин анын ордуна илимий-изилдөө борборун уюштуруу – бул биотүрдүүлүктү сактоо тармагында жергиликтүү жана аймактык жаратылышты сактоо жана илимий-изилдөө ишмердигин кеңейтүүгө багытталган стратегиясынын бир бөлүгү. Жакшы уюштурулган инфраструктурасы, экологиясы жана жаратылыш байлыктарга бай кереметтүү бийик тоолордо, ондогон жылдар бою тоо иштери жүргүзүлгөн жердеги КГК лагери бүткүл Борбордук Азияда баалуу илимий-изилдөө жана жаратылышты сактоо борбору болуп калууга кеңири мүмкүнчүлүктөрү бар жана Кыргызстандын элинин баасы жок энчиси болуп калмакчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД