Сариев: Атамбаев такыр эле адашып, өзү жарга такалды

Жакында өткөрүлгөн майрамда жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында кыргызстандыктар Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Роза Отунбаеванын өтө жакын ынтымакташуусун, ошону менен бирге эле Алмазбек Атамбаевдин азыркы бийликтин чакыруусун кабыл албай, бул майрамдык салтанаттарга катышпай койгонун белгилешүүдө.

Мына ушундай көрүнүштөн кийин, "Роза Исаковна менен достошуусу КР жетекчилигине канчалык деңгээлде таасирин тийгизет жана Алмазбек Шаршеновичтин саясий имиджине кандай баа берсе болот?" деген суроолор көпчүлүктү кызыктырууда.

Саясат таануучу Марс Сариев VB.KG редакциясына белгилегениндей, Алмазбек Атамбаев такыр эле адашып, өзү жарга такалды.

-Анын мындай абалга туш болуусуна, өзүнүн ички психологиялык көйгөйлөрү алып келди. Анын үстүнө, саясий планда Алмазбек Шаршеновичтин артында эч кандай күчтөр калбай калды. Азыркы учурда анын саясий салмагы түшүп кетти. Ошондуктан, менин оюмча, аны сактап калуучу жалгыз күч – "Ата Мекен" партиясынын ордуна конструктивдүү оппозиция болуп калууга аракет кылуу. Азырынча ал – толугу менен саясий банкроттукка туш келди, - деген ишеничте Сариев.

Ал эми Роза Отунбаеванын майрамда катышуусун жана анын Жээнбеков менен өз ара ынтымакташуусун саясат таануучу жакшы көрүнүш катары эсептеди.

-Бул Кыргызстанга туруктуулукту алып келет. Анткени Роза Исаковна интеллигенция жана өкмөттүк эмес секторлорду түшүндүргөн жарандык коом менен тыгыз байланышып келүүдө. Бул азыркы бийлик аймактык эместигин жана ага карата эч кандай артыкчылык берилбестигин билдирген кандайдыр-бир сигнал болуп эсептелмекчи. Мына ушунун өзү азыркы бийлик бакиевдик жол менен барбай тургандыгын билдирип турат. Анын үстүнө, көптөрү бакиевдик кадрлар жана кландар кайра келип жаткандыгы жөнүндө айтууга аракет кылып жатпайбы. Ошодуктан ушундай мамилелер – Кыргызстандагы туруктуулукту арттырып жана саясий климаттын оңолуп бараткандыгын айгинелейт, - деп ишендирди Марс Сариев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

Комментарии
Карма: -24
Сумма оценок комментариев
Плюсов: 87
Минусов: 111
Комментариев: 86

Атамбаев өзүнүн жеке кызыкчылыгын 2040-жылга чейин белгилеп кеткенинде болду. Эмнеге алмиллиондорду коркпой эле «жей берген» деген суроо азыркы тапта жаралууда. Көрсө, ал өзүнөн кийин келген бийлик «менин былыктарымды жаап-жашырып турат, алты жыл өткөндөн кийин дагы өзүмдүн кадрымды бийликке алып келем, анан аны да өзүм сырттан башкарып турам, ошентип 2040-жылга чейин бийликти колдон чыгарбайм» деген ойдо болгон окшойт. Анын узу-ун таштаган укуругун Бишкек ТЭЦиндеги авария бат эле кыркып таштады. 

0
Цитировать
Жалоба модератору
14.09.2018, 11:14
Карма: -12
Сумма оценок комментариев
Плюсов: 48
Минусов: 60
Комментариев: 50

Атамбаев элди алдаганы учун элд кечирбейт ал партияны жанындагы жансакчы же шопуру менен тартып кете албайт, ал ач коздугунон улам ушул кебетеге тушуп отурат Сагызган сактыганан эмес суктугунан олот демекчи ошонун мисалы болуп отурат.

0
Цитировать
Жалоба модератору
14.09.2018, 11:15
Карма: -53
Сумма оценок комментариев
Плюсов: 97
Минусов: 150
Комментариев: 153

Атамбаев шопур, жансакчы киллерлери менен эми тарых таштандысында калды. Атамбаев уурдаган акчаларын казынага төгүп, элден кечирим сураса да эл кечирбейт. Атамбаевдин кылмыштары далилденди, чекесинен ачыкка чыга баштады. Атамбаевди колдогон уурулардын жүздөрү ачыкка чыгууда

0
Цитировать
Жалоба модератору
Читатель
14.09.2018, 18:38

Эртен Алмаз Шаршенович кайра премьер болуп келет, Соке досу экоо Элди жинди кылып атканын тушунгон жок сынарбы, баары саясат, экоо дагы Эле дос, АША келесо эместа, жон эле бийликти колунан алдырып, ошондуктан бир жеринерди кысып окатынарды кылабергиле, саясатты саясаттчыларга койгула

0
Цитировать
Жалоба модератору
Комментарии от анонимных пользователей появляются на сайте только после проверки модератором. Если вы хотите, чтобы ваш комментарий был опубликован сразу, то авторизуйтесь
Правила комментирования
На нашем сайте нельзя:
  • нецензурно выражаться
  • публиковать оскорбления в чей-либо адрес, в том числе комментаторов
  • угрожать явно или неявно любому лицу, в том числе "встретиться, чтобы поговорить"
  • публиковать компромат без готовности предоставить доказательства или свидетельские показания
  • публиковать комментарии, противоречащие законодательству КР
  • публиковать комментарии в транслите
  • выделять комментарии заглавным шрифтом
  • публиковать оскорбительные комментарии, связанные с национальной принадлежностью, вероисповеданием
  • писать под одной новостью комментарии под разными никами
  • запрещается использовать в качестве ников слова "ВБ", "Вечерний Бишкек", "Вечерка" и другие словосочетания, указывающие на то, что комментатор высказывается от имени интернет-редакции
  • размещать комментарии, не связанные по смыслу с темой материала
НАВЕРХ  
НАЗАД