Зилалиевден декларацияга катталбаган 1 млнго жакын доллар табылды

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Генералдык прокуратурасы тарабынан козголгон кылмыш ишинин чегинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 308-1 беренесинин 2-п. 2-б. (Мыйзамсыз жол менен байлык топтоо) негизинде 2018-жылы 7-декабрда гражданин З.Д. мүлкүнө карата тергөө иштерин жүргүздү.

Мында 2011-жылдан 2017-жылга чейинки мезгил аралыгында гражданин З.Д. мамлекеттик структураларда ар кандай жетекчилик кызматтарды, анын ичинен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу Фондунун төрагасы, Геология жана минералдык ресурстар Мамлекеттик агентствосунун директору кызматын ээлеп тургандыгы аныкталды.

2011-жылдан 2016-жылга чейинки мезгилде З.Д. тарабынан расмий түрдө киреше, чыгаша, мүлк жана милдеттер боюнча декларация толтурулуп, ага жараша жогоруда көрсөтүлгөн мезгил аралыгында анын кирешесинин баардык суммасы 2 млн 541 миң 527 сомду түзгөн. Ушул эле мезгил убагында анын жубайынын кирешеси 408 миң 000 сомду түзгөн.

Бирок, жүргүзүлгөн тергөө иштеринин жыйынтыгы көрсөткөндөй, З.Д. расмий кирешесинен ашык булактары такталбаган ири суммадагы акча каражаттары жана мүлктөрү бар экендиги аныкталды.

Мында, З.Д. мамлекеттик кызматта турган кезинде, 2018-жылы сентябрга чейин коммерциялык банктардын биринин филиалынын банктык ячейкасындагы жеке сактоосунда декларацияга катталбаган 889 миң 900 АКШ доллары болгон.

Андан тышкары, З.Д. киреше катары декларацияга катталбаган кыймылсыз мүлктөрүн (батирлерин, үйлөрүн, жер тилкелерин) жашыруу максатында туугандарына каттатып койгондугу аныкталды.

2017-жылы 17-апрелде З.Д. өзүнүн туугандарынын бирине Бишкек шаарынын борборунда жайгашкан эки кеңсе имаратын каттатып койгон. Анын алып-сатуу келишимне ылайык биринин баасы 34 млн жана экинчисиники 19 млн сомду түзгөн.

Мындан тышкары, З.Д. геология жана минералдык ресурстар Мамлекеттик агентствосунун директору кызматын ээлеп турганда, өзүнүн жумушу жок тууганына Кыргыз Республикасындагы алтын жана башка кен чыгуучу жайлардын лицензияларын каттатып койгон.

З.Д. айып тагылган берене, мыйзамсыз жол менен байлык топтоо – кызматтагы адамдын активдеринин мыйзамдуу кирешесинен өтө жогору болгондугун аныктай албагандыгы болуп саналат.

Ушуга байланыштуу, тергөө органдарынын бул иш боюнча позициясы, кызматтагы адам өзүнүн кирешеси жөнүндөгү декларациясында активдеринин мыйзамдуу түрдө табылгандыгын аныктап берүүсү зарыл. Азыркы учурда кармалган З.Д. КР УКМК СИЗОна жайгаштырылды.

Тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД