Кененбаева: Чөөлөр деп Атамбаевдин айланасында жүргөндөрдү айтмакчымын

Кененбаева: Чөөлөр деп Атамбаевдин айланасында жүргөндөрдү айтмакчымын

Экс-президент Алмазбек Атамбаев кече күнү берген маегинде "Атамбаевсиз КСДП" кыймылынын жактоочуларын кутурган чөөлөргө салыштырды.

Анын сөздөрү боюнча, аларды чөөлөргө өзүнүн тарапташтары салыштырган эмес, бул калыс айтылган сөздү биринчи жолу бул окуяга байланышы жок Адахан Мадумаров айткан.

-Бирок абдан туура айткан экен. Анткени булар чындап эле карасам чөөлөрдүн эле өзү, болгондо да кутурган чөөлөр. Мисалы, алардын катарында кече күнү эле башка партиянын катарындагы Данияр Дербишалиев же болбосо партиядан айдалган Сагынбек Абдрахманов жүрөт. Булардын биздин партияга асылбай, "Кыргызстан кутурган чөөлөрү" партиясын түзүп алганы туура болмок. Булар Кудайдан да такыр коркпойт экен. Бирок Кудай бар, күтө туралы. Азыртан эле билинип жаткандай, мунун баары чөөлөр үчүн уят болуу менен аяктайт, - деди ал.

Ошондой болсо да "Атамбаевсиз КСДП" кыймылынын мүчөсү, Ысык-Көл облусунун губернаторунун мурдагы орун басары Нурбүбү Кененбаева VB.KG редакциясына билдиргениндей, Алмазбек Атамбаев өзүн экс-президенттик статусуна ылайык алып жүргөнү оң. Булардын дарегине мындай сөздөрдү айткандан алыс болгону туура болмок.

-Президенттик кызматты мурда ээлеген же азыр ушул кызматта отурган адам өзүн эмоцияга алдырбашы керек. Чөөлөр катары мен бүгүн анын айланасында жүргөн адамдарды гана көрүп турам. Мен мында Атамбаевге ар кандай маалыматтарды жеткирип жүргөндөр жөнүндө айтып жатам. Алар азыр деле аныкы баардык жагынан туура, азыркыга чейин коомдо колдошот жана эл анын артынан барат деп айтып жүрүшөт болсо керек, - деди ал.

Ошондой эле Нурбүбү Кененбаева билдиргендей, Атамбаевдин айланасында жүргөн адамдардын катарын КСДПга 2010-жылы келгендер түзөт.

-Азыр анын жанында аз эле адамдар калды. Партияга 2010-жылга чейин келгендер анын айланасында жокко эсе. Мен жогоруда айтып өткөндөй, 2010-жылдан кийин партияга мүчө болгондор өз кызыкчылыгын ойлоп келишкендер. Булар биз башыбыздан өткөргөндүн бирин да көрүшкөн жок. Бизди соттошуп, түрмөгө отургузган күндөр болду, бакиевдик бийликтин бир топ кысым көрсөтүүлөрүнө туш болдук, - деп сөзүн улады Кененбаева.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД