Бир жарым жашар баланы өлтүрө сабаган аял 15 жылга чейин кесилиши мүмкүн

Жети-Өгүз районунда жээнин өлтүрө сабаган аялды Каракол шаарынын УКЖЖ которушат. Тийиштүү чечим Жети-Өгүз райондук соту тарабынан кабыл алынды. Бул жөнүндө Ысык-Көл облусунун ИИБ пресс-катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Пресс-катчы 40 жаштагы аял Б.А. айып тагылган 234-беренесинин 2-б. боюнча жаза өзгөртүлүп, Кыргыз Республикасынын КЖК 104-беренесинин бир нече бөлүмдөрүндө каралган "Саламаттыкка атайылап оор залакат келтирүү" айыбы тагылганын да белгиледи.

Бул беренедеги 4 пунктунун биринчи, экинчи, үчүнчү бөлүмдөрү боюнча: "Байкабастыктан жабырлануучуну өлүмүнө алып келүү" – сегиз жылдан но беш жылга чейин жазалоо каралган.

Эске салсак, окуя 23-декабрда болгон. Светлая Поляна айылынын тургуну Жети-Өгүз районунун ооруканасына оор абалдагы кичинекей баланы алып келген. Ал бир нече сааттан кийин эс-учуна келбестен көз жумган. Аял кичинекей бала шымына сийип салганына ачуусу келгенинен сабал салганын мойнуна алган. Ал эми баланын өз апасы Москвага жумуш издеп кеткен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД