Кезектеги мамкызматчы пара алып жаткан учурунда кармалды

Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон, Ноокен, Тогуз-Торо, Сузак райондор аралык жана Жалал-Абад шааары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЭККМК бөлүмүнө (финансылык полиция) жеке ишкер "Т.Ж" Сузак районундагы "Көгарт" айыл округунун техникалык көзөмөлдөөчүсү кызмат абалынан пайдаланып, жылуулук системасын ишке киргизүү боюнча актыга кол коюп берүү үчүн акча каражатын талап кылып жаткандыгы жөнүндө арыз менен кайрылган.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖК 225-беренесинде каралган (кызматкерлер тарабынан мыйзамсыз сыйлык алуу) кылмыш иши козголгон.

2018-жылы 18-декабрда козголгон кылмыш ишинин чегинде ыкчам-издөө иштерин жүргүзүүдө, 20 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан учурунда Сузак районундагы "Көгарт" айыл округунун техникалык көзөмөлдөөчүсү "А.М" кармалды.

Азыркы учурда ЭККМК тергөө башкармалыгы тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД