Аялдамага ташталган бир жарым жашар баланын ата-энеси табылды

Бүгүн Чүй облусунда аялдамада табылган кичинекей бала ата-энесине берилет. Бул жөнүндө Чүй облусундагы аймактык оорукананын башкы дарыгери Нурбек Саткынов VB.KG редакциясына билдирди.

-Кичинекей баланы биздин ооруканага бир нече күн мурда соцтармактын кызматкерлери алып келишкен, биз анын ден-соолугун текшерип жана кам көрдүк. Баланын дени сак, ал өзүн жакшы сезүүдө. Азыр анын ата-энеси да табылды жана бүгүн аны алып кетишет, - деди башкы дарыгер.

Эмне себептен кичинекей бала түн ичинде автобус аялдамасында жалгыз калып жана аны ата-энеси издебегендиги азырынча белгисиз. Чүй облусунун ИИББ бул жөнүндөгү маалыматты кийин тактап беребиз деп убада кылышты.

Эске салсак, мындан бир жума мурда Бурана айылындагы аялдамадан эч кароосуз калган кичинекей бала табылган. Ал бала болжол менен 1,3 -1,5 жашта болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД